Асанкалый Керимбаев "Ак булуттар"
06:03
5,54 Мб
Жүктөлгөн: 02-07-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:О.Султановдуку
Обону:А.Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.59/5
(29 добуш)
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Комментарийлер (24)

03.07.2012. 17:19
 Shekerbek
ыр деп ушуну айт эээх чиркин жаштык убак !
04.07.2012. 12:02
 asemkiz
кандай сонун ыр
15.08.2012. 15:07
 elnurakai
Уккан сайын уккун келет......................................
25.08.2012. 23:09
 Akyikatchy
Асанкалый байке мыкты обончу жана аткаруучу эле ...
19.10.2012. 12:24
 JKuban
Кайран киши. Укмуш жанды эргиткен ырларды калтырып кетти.Жаш кеткени окундурот.
21.11.2012. 19:33
 aktylek
кандай сонун ыр
24.11.2012. 10:07
 mikki76
Кандай сонун, көчүрө албай жатам,жардамдашкылачы
10.12.2012. 17:52
 dicha80
Эх ушундай ылар кайра жаралаар бекен...
19.06.2013. 03:46
 kokkozovdolot
Ылдый жагында кочуру дегенди бассанар достор
08.07.2013. 13:17
 чон тапан
Асанкалый агайдын чыгармачылыгы ото мазмундуу жана сырдуу. Бул адам менен жолугуп пикир алышпай калганыма абдан окуном.
31.03.2014. 22:17
 bakyt7
созун жазган О.Султановдун арман ыры
08.05.2014. 12:43
 Bolo
Чиркин. Ыраматылык залкар ырчынын озуно жаккан ырларынын бири экен.
26.06.2014. 12:48
 myrza-kg
ииииий! Ыр эмес бекен! Бул деген ыр эмес! Бул деген - керемет!Модератор admin_superstan түзөттү 26.06.2014 13:04
10.10.2014. 21:46
 rus.sayk
Бул ыр шедевр. журогунду козоп отуп жулунунду зыркыратат гоооооооооооооо...
30.10.2014. 10:59
 Kuali
мага аяабай жагат да ушул ыр!!!
07.11.2014. 12:59
 rus.sayk
Азыркы данка-дунк ырлар ушул ырдын бир кайрыгынан айланып кетсин..
22.11.2014. 11:42
 Ulashkin1717
айтпагыла мынча кечке ыр угуп коргон эмесмин. мага атайын жазып бергендейда. обону дал келет иииииииий
08.07.2015. 22:49
 respect_bek
Сонун керемет чыгарма!
16.02.2017. 11:04
 chyngyz84
Эң сонун, муңдуу ырдаган Асангалый агабыз!.
25.03.2017. 04:18
 grace
Эх, чиркин! Кандай талант!
07.04.2017. 23:08
 OAlmaz
Эх чиркин кандай сонун ыр, сонун аткаруучу. Экөөбү тең бир бирине төп келген.
06.06.2017. 17:37
 daniel10
чиркин чиркин
06.06.2017. 17:38
 daniel10
эээх кандай соогнун ыр
22.04.2018. 20:18
 dobrajelatel
Сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо