Амир Аскаров "Энекем"
03:25
3,13 Мб
Жүктөлгөн: 03-07-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Ж.Атабекованыкы
Обону:А.Аскаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.38/5
(8 добуш)
Бал сымал тамшандырган
Өзүң жапкан ысык нан,
Ак сүтүң, алдей ырың
Азыктантат ырыстан.
Мен деп уктабай,
Убайым жеген ой санааңа таң берем,
Мен деп жалынган тилектериңе
Жарык жанып мен келем.

Кайырма:
Энекем - асыл тирегим,
Амандыгың тилеймин.
Энекем - кайратым менин,
Өмүр берсин Теңирим.

Сен аалам чегинде жок
Жансың эч ким теңелгис.
Мен үчүн баары белең
Жазы тоодой кебелгис.
Жүрөктөрүңдөн мээрим жайнаган,
Жүзүңдөн мен айланам.
Каректериңен жарык жанданат,
Карааныңа байланам.

Кайырма:

Энем - менин бейиш төрүм,
Берген өмүр белеги.
Энем - менин соолбос мээрим көлү,
Сен бар жашап келемин.

Комментарийлер (2)

03.07.2012. 17:28
 snejinka
Амирдин-ырларынын баары окшошуп кетти....бирок мага жагат эмнеси болсо да)))
10.07.2012. 16:49
 jonne
начар эле ыр экен татыктук ырларды ырдаш керек энелерге арнап....;-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо