Сыймык Бейшекеев "Ош базарда бир жетим бала жүрөт"
04:19
3,95 Мб
Жүктөлгөн: 11-07-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 2.75/5
(4 добуш)
Кейпи начар кийими ала-дүлөк,
Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө.
Тачка сүйрөп, жан багып таңдан кечке,
"Ош базарда" бир жетим бала жүрөт.

Каргадайдан башына токмок салган,
Каректерин карадым кош-кош жанган.
Каректерин карасам, от айланбай,
Чоң кишинин көзүндөй токтоп калган.

Жеңи менен мурунун сүртүп алып,
Желип барат, жүгүн ал түртүп алып.
Кесел болгон кемпирдей тура албастан,
Жерде жатат, жетимге тийчү жарык

Капты ташып карааны караңдаган,
Кабагынын баланын салаңдаган.
Ата Журтум, бечара сени көрдүм,
Ала качып көздөрүн алаңдаган.

Билем кыргыз баласы экендигин,
Тилеп турдум Теңирден эсендигин.
Жалгыз ушул баланын тачкасында,
Келе жаткансып сүйрөлүп Мекен бүгүн…

Кейпи начар кийими ала-дүлөк,
Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө.
Тачка сүйрөп, таңдан кечке жанын үрөп,
"Ош базарда" бир жетим бала жүрөт.

Комментарийлер (12)

12.07.2012. 20:37
 omo93
азыр угуп коройун анан жазам
12.07.2012. 20:40
 omo93
жакшы ыр экен мага жакты
13.07.2012. 02:36
 kyrgyzshaa
чоңдор Кыргызымдын каймагымын дегендер ушул ырды угуп кичине болсо да арына намысына келди бекен атаң көрүү ишенбейм елди Ата мекенди ойлошоруна өздөрун гана ойлойтко чиркин азаматсың Сыймык дагы жакшы жеп ичкич мансапкорлордун журогунө тийе турган ырлардан ырдачы
14.07.2012. 13:35
 Akyikatchy
Касиеттуу Кыргыз жергемдин дагыда онуго албай жатышына озумдуда кунолуу сезем.Ата-Журтумдун жугун мойнума арта албай,оз ташпишимден чыга албай жатканыма кээде зээним кейийт.Жетимда жетилээр.Биздинда айылда той болоор.
15.07.2012. 14:31
 bakss_8888
Жакшы ыр экен негизи Сыймык байкенин ырлары жакшы баары
20.07.2012. 15:59
 kualbek
жакшы жана жакшы.

26.07.2012. 13:14
 TolonturCN
Ар бир адам коомдун мүчөсү, ушундай жүрөктү сыздаткан көрүнүштөр оңолуп кетсе экен.
09.08.2012. 21:38
 aman80-11
сыймык брат алга
30.08.2012. 16:45
 gadgad
сонун ыр
07.09.2012. 11:38
 saparbek
Асанкайгы Сыймыктын сыздаганын бийликтегилер укпайт ко...
10.10.2014. 18:18
 maksat_iz_toktogula
Озумдун айылдашым акемго алла сизге бир туугандарынызга чын ден соолук узун омур берсин аминь.Саламатсыздарбы супер инфо ушул ырдын музыкасын (минусофкасын) кайсы жактан тапсам болот сиздерде болсо жуктоп койунуздарчы сураныч
05.03.2015. 20:56
 taalai.torkent
чыныгы кыргыздын патриот адамы деп тааныйм сизди ардайым асманыныз ачык болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо