Сыймык Бейшекеев "Махабат дастаны"
04:51
4,43 Мб
Жүктөлгөн: 12-07-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.65/5
(20 добуш)
Жай өтүп, күз мезгил келип,
Жай барат мезгилиң желип.
Айта албайм ашыктыгымды,
Алтыным, койсоңчу сезип.

Жамиля, жаным Жамиля деп,
Ырчыны айтып бузбайын.
Данияр болуп кааласаң,
Домбра чертип ырдайын.

Бото көз булак болоюн,
Утурлап жолуң тороюн.
Булбул куш болуп сен үчүн,
Багыңа барып коноюн.

Аселим, Асел, Асел деп,
Түнү бою ырдап сайрайын.
Айдоочу Ильяз мен болуп,
Долонду ашып барайын.

Жүзүңдү тик карай албай,
Жүдөдүм сага бара албай.
Жүрөгүм ооруп турат го,
Жүз аарчы белек ала албай.

Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,
Султаның сенин болоюн.
Эрте жазда турналар келсе,
Эркем деп обон созоюн.

Бетме-бет сага барайын,
Берилип сүйүп карайын.
Гүл терип сага таң заардан,
Гүлсары минип барайын.

Кылымды карытар бир күн,
Ак жаанда калдым сен үчүн.
Махабат дастанын жаздым,
Сага деп ырдап күнү-түн.

Сен үчүн алма бактан мен,
Кыпкызыл алма үзөйүн.
Ысык-Көл болуп чалкысаң,
Ак кеме болуп сүзөйүн.

Комментарийлер (14)

12.07.2012. 15:42
 Aikulina
ушул ырды сүйөм да...
15.07.2012. 00:22
 Kyrgyz_Nukura
Жакшы ыр
16.07.2012. 23:00
 Aibusya
Ай ушул ыр менен эле чонойбодукбу...
25.07.2012. 09:53
 Myrzashka
Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,
Султаның сенин болоюн.
Эрте жазда турналар келсе,
Эркем деп обон созоюн... Мен Султанды издеп журсом Майрамбек деген жигит мени таап албадыбыы :)
26.07.2012. 13:10
 TolonturCN
Соонун ыр да, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чогултуп бир ырга батырган. ушул ырды билгендер Ч.Атматовдун чыгармаларын унутуп калбайт болуш керек, жатка айтып бере алат болуш керек.
01.05.2013. 18:20
 tolik
Ысык-Көл болуп чалкысаң,
Ак кеме болуп сүзөйүн.
Токтогул колу сен болсон,
Титаник болуп чогоюн.
18.08.2013. 14:50
 dastiw
мындан жакшы ыр жокко деп ойлойм.
09.12.2013. 20:45
 bektashova_ayzada
Мен үчүн эң мыкты ыр. Азаматсыз миң мыкты текст болсо да ырдоо чеберчилиги башка кепда...
08.09.2014. 16:27
 2011
Ушул ырдын минусу барбы?
08.09.2014 16:44
admin_superstan
2011, саламатсызбы!
Тилекке каршы, порталга минустар жүктөлбөйт. Бирок колдонуучулар тарабынан жүктөлүп калышы мүмкүн.
27.10.2014. 06:08
 aiza.kyrgyzkyz
Бото көз булак болоюн,
Утурлап жолуң тороюн.
Булбул куш болуп сен үчүн,
Багыңа барып коноюн.
Аябай жакшы ыр, тарыхта жазылчуу ыр, Чынгыз Айтматов агайдын чыгармалары элдин журок торундо, Сыймык Бейшекеев сиз журогу болунуз. Элдин суймончулугу болунуз.
12.03.2015. 21:07
 Aselya_9105

Аселим, Асел, Асел деп,
Түнү бою ырдап сайрайын.
Айдоочу Ильяз мен болуп,
Долонду ашып барайын
12.03.2015. 21:09
 Aselya_9105
Созу Сыймык байкенин озунукубу? Ким билет?
02.12.2017. 18:56
 Baialy
сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо