Эрлан Андашев, Турдакун Ниязалиев "Кудай экен"
03:18
7,55 Мб
Жүктөлгөн: 17-07-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Ниязалиевдики
Обону:Т.Ниязалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(7 добуш)
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен.

Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген
Кудай экен.

Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.

Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан эстүү кылган
Кудай экен.

Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.

Комментарийлер (5)

17.07.2012. 13:42
 zulayka
Кудайым сени колдосун Эрланчик!!!
17.07.2012. 20:05
 jyrgal-84
жакшы ыр экен
26.07.2012. 13:04
 TolonturCN
Ушул ырдын клиби да соонун тартылган, акыркы убактарда кыргыз клиптердин сапаты жакшы эле өстү, керемет жетишкендиктер болду деп сыймыктануу менен айта лабыз. акыркы убактагы клиптерди 5D Marik деген фотоаппарат менен тартылып жатабы? ушул аппараттын эле видео өңүнө окшоп турат акыркы учурдагы клиптердин видеосунун өңү.
26.07.2012. 13:07
 TolonturCN
"Буудайдын чыккан жери ылай экен" бул кандай ыр саптары болду, уйкаштыкка ээрчип эле, буудай экен дегенге уйкалыштырып ылай экен деп жазганбы? буудайдын өскөн жери топурак болот да, шалы анан ылайдын ичинде өсөт, буудай нымдуу топуракта өсүп, бышат, ылай болсо буудайдын даны сасып, өспөй калат.
16.09.2012. 19:44
 sambo
Турдакунга Аллах ыраазы болсун бир гана ыйман ырларын ырдайт super.kg сиздерден сураныч Турдакундун ырларын да медиа порталга кошуп койунуздарчы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо