Кадыралы Артыков "Досторго"
04:11
3,82 Мб
Жүктөлгөн: 18-07-2012
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Күтөм кечте келгилечи кубанычымды бөлүшүп,
Бажырайтып жүзүңөрдөн бакыт нурун төгүлтүп.
Кадыр билбес достор менен кантип өтсүн гүл өмүр?
Достук отун өчүрбөсүн майрам болор бул өмүр.
Отуралы куттуу кечте оо, досторум көңүлдүү,
Шашпа дейли, бар бол дейли, бул бир келген өмүрдү.

Силер келбей супсак болор бул кеченин шарабы,
Ыр-бий менен саймалансын өмүрдүн бир барагы.
Биз болбосок толбой турар достуктун ыр кесеси,
Ыр-күү менен жадырасын өмүрдүн бир кечеси.
Бермет чачып жүзүңөргө белек болсун ошолор,
Ырга айлансын көңүлдөрдөн төгүп турган сулуу нур,
Күүгө айлансын жүрөктөрдөн төгүп турган жылуу нур.

Күтөм достор, жаздын гүлүн күндүн нурун күткөндөй,
Үйүм бүгүн шаңга толсун койбогула түк келбей.
Сагынычка толгон жүрөк алсын көпкө серпилип,
Ыр төгүлсүн, сыр төгүлсүн жүрөк эрксиз желпилип,
Бирге досум өткөрөлү мындай кечтин неченин,
Силер менен сезсем деймин өмүр майрам экенин,
Достор менен сезсем деймин жашоо майрам экенин.

Комментарийлер (4)

19.11.2013. 04:38
 kuntai
kadyraly artykovtyn yrlaryyn baatyn jakwy korom yny abdan maga balalygymdy eles keltiret ....bibeim birok a9vai jakwy kiwi koruno beret maga.....bibeim balkim atam yrlaryn yrdap jyrgonunon maga jylyy uchurait boluw kerek, mekeninden keandyn ary jagynda jawasan da yrlaryn ugup atama bolgon sagynychymdy taratyp degendei...... eeehhh alyska chykkanda kyrgyz tilinin ,,,jerinn ,, baardygynyn barkyn bilet turbaisynby
18.08.2014. 18:09
 sulai1910
Ой биздин кээбир ырчылар, жаны ыр чыгарып эмне кылат? Же анысы окшошсочу!!! Ушундай эски ырларды кайрадан иштеп чыгып, ырдашса, элге дагы жагат, ырдын дагы омуру узарат да! Башка тилден которуп ырдаганча, биздин эски ырларыбыз эле канча ийгилик алып келет!!! Биз дагы жылмайыып ырдап, угуп отура беребиз!!!
26.10.2016. 03:15
 peri-aylish
тексттинберип коюшунарды суранам
01.10.2017. 08:52
 beka8585
Текстин суранабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо