Алихан "Сары кыз"
03:58
4,54 Мб
Жүктөлгөн: 24-07-2012
Сөзү:Сейит Жээнбаевдики
Обону:Съездбек Искеналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.78/5
(9 добуш)
Сары кыз элең, сары күз элең садагам,
Санаанды туйбас өзүмдөн башка жан адам.
Жолубуз башка багытты көздөп бир паста,
Жоготуп алдым тумандуу чакан калаадан.

Кайырма:
Ирмесек чогуу окшош эле көзүбүз,
Билгендей сырды бир чыкчу биздин сөзүбүз,
Кукутой сайрап кузундо калдык адашып
Күнөөлүү ага башкалар эмес өзүбүз.

Канчанчы күздү карыттым ошол арадан,
Кайыктым жалгыз караанын издеп калаадан.
Сагыныч коштоп өмүрүм өтүп баратат,
Сары кыз элең, сары күз элең садагам.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

01.08.2012. 15:25
 elaman93
эптемей эле эен
08.08.2012. 12:03
 menedjer
жакты мага)))
14.08.2012. 21:01
 kyrgyzajym
Уууууааауууу,
сонууун ыр экен!
Азаматсын :)
Банзай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо