Бек Исраилов "Айжаз кыз"
03:16
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 27-07-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(18 добуш)
Ак көпөлөк, ак делбир,
Ак көйнөкчөн Айжаз кыз.
Айдын көлдүн куусундай
Ак канатын жайган кыз.

Кайырма:
Күндүн күмүш нурунан,
Ээрип түшө калгандай.
Гүл ачылып ичинен,
Күлүп чыга калгандай.
Айдын алтын нурунан,
Агып түшө калгандай
Акак таштын агынан,
Алаканга тамгандай.

Мончок сымал көздөрү,
Моймолжууган Айжаз кыз
Моокум канбай көркүнө,
Ойлондурган Айжаз кыз.

Кайырма:

Кер маралдай керилген,
Көрсөң көңүл берилген.
Кол жетпеген адамга,
Көктөгү айбы дедирген.

Күндүн күмүш нурунан
Ээрип түшүп калгандай.
Гүл ачылып ичинен,
Күлүп чыга калгандай.
Айдын алтын нурунан,
Агып түшө калгандай
Акак таштын агынан,
Алаканга тамгандай.
Айжаз кыз, Айжаз кыз

Комментарийлер (11)

29.07.2012. 05:01
 chikabom
воопще жакпады бул джигит!
30.07.2012. 06:39
 samat
Жарайт!!! музыкасы жакшы чыгыптыр. Бек чыгармачылык жолуна ийгилик!
Ырларын менен Кыргызстанды алдыга чыгар!!!
30.07.2012. 12:47
 musulmano4ka
Уну абдан сонун экен...
24.08.2012. 18:15
 Hinkauu
Молодец!
01.11.2012. 09:50
 rauma
ушул ырды канча уксам да жадабай койдум. Бирок, Бектин бир ММКга интервью бергенден кийинки айтканы жакпай калган. "элдер ойлоруна келген суроолорун эле бере берет,кайталанма" деп айтып чыгып кеткен. Бек,эгер аман болсон,очпосон дагы далай суроолорго жооп бересин, элин сени менен баарлашкысы келген учун,кызыккан учун суроо берип жатканын унутпа, кооп калгансып антип айтпа оз куйормандарына, кесири тийип,эртен жалп деп очуп каласын. Анан ошол суроого да зар болосун!!!
03.03.2013 15:42
artelow
rauma, каталогунда бир эле болгонуна караганада - анын жылдызы жалп эткен сынары...
01.11.2012. 09:51
 rauma
а так ыры супер, эки таланттын калеминен жаралган ыр экен.
09.10.2013. 22:28
 aidinaernur
Откондо кызым ушул ырга бийлеп аткан . Эми конул буруп уктум
22.01.2014. 12:25
 zhyrgal.shamenon
Бул ырды апасы жазган обону атасыныкы.....класс!!!
24.08.2014. 22:47
 akylbekkg
Админ бул ырдын созун жазып койсонор жакшы болот эле
12.05.2016. 04:36
 aikowa.aikado
текстин жазып койгулачы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо