Эмил Балтагулов "Алып качам, сулуу кыз"
03:39
3,34 Мб
Жүктөлгөн: 02-08-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.07/5
(15 добуш)
Куржунумду көтөрүп,
Сага келем, сулуу кыз.
Кубулжутуп үн салып,
Ырдап берем, сулуу кыз.

Кайырма:
Чапчыманын белинен,
Аксы, Чаткал жеринен.
Салам алып келе жатам мен,
Ала-Бука элинен.
Алып сени качайын деп,
Кара-Кулжа жеринен.

Жетелешип жайлоого,
Кетеличи, сулуу кыз.
Арча жыттуу мекениме,
Жетеличи, сулуу кыз.

Кайырма:

Чалкып жаткан Чаткалга,
Кетеличи, сулуу кыз.
Терек-Сайдын сууларын биз,
Кечеличи, сулуу кыз.

Кайырма:

Бакыт кушун кармаган,
Болчу менин жубайым.
Ширин, таттуу балдардан,
Берсин бизге Кудайым.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

02.08.2012. 18:12
 Адам
Жөн эле жүрчү, Балтагулов
07.08.2012. 14:54
 dastan12
Укмуш мага жакты эң сонун жерлерди кошуп ырдаган.
07.08.2012 15:52
bema_0707
Сонун ыр экен,Эмил байке чыгармачылык ийгилик каалайм!
10.08.2012. 05:36
 Ysykataarashan
Кыргызга ушундай шандуу ырлар да керек аш тойдо бийлегенге, озбекче ырларга бийлеп буттук. Супер, Эмил байке.
23.08.2012. 18:24
 Duishenoroz
Чапчыма Аксы Чаткал Ала-бука кандай сонун да
БАРАКЕЛДЕ
18.12.2012. 00:25
 sultanmurat11
Абдан соонун ыр экен!
30.06.2013. 01:24
 atanak
Чотка
20.07.2013. 19:26
 Begimkyz
Ватать ыр эмес бекен? ))))
24.03.2014. 21:53
 begusia
Ырдап жатып,алып качтыныз анан эжебизди)))
12.01.2015. 18:12
 Aselina_kg
Ваауу сонун ыр го
07.03.2016. 17:36
 Sabyr_Baymatov
Тойго жараша ыр болуптур рахмат Эмил байке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо