Сыймык Бейшекеев "Сен мага жаз алып келдиң"
04:24
6,16 Мб
Жүктөлгөн: 02-08-2012
Жанр: Эстрада
Обону:Сыймык Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.70/5
(10 добуш)
Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң,
Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң.
Күн нурун кирпигиңе тагынып алып,
Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң.

Кайырма:
Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө,
Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй.
Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей,
Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде.

Көздөрүң көздөрүмө учураганда,
Бактылуу жоктой башка ушул ааламда.
Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан,
Кыш дагы алы келбей кычыраганга.

Кайырма:

Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде,
Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне.
Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден,
Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!

Кайырма:

Комментарийлер (7)

03.08.2012. 09:18
 Askatdadakeev
CHon rahmat silerge super.kg saityna kutobuz daagy Syimyk baikenin yrlaryn.
06.08.2012. 18:34
 suiungul
Сыймык Сен Абдан соонун Ырчысын!Мен жаштыктан бери кошулуп келем Бар БОЛ!!!!


03.09.2013. 23:04
 J_n_a
Ушул ырды эртен суйгонумо ЫРДАП берем... Сыймык байке сизге ДАНК!
27.09.2014. 21:51
 Joke.uzb.
Супер ыр экен,азаматсын Сыймык.
08.02.2015. 12:06
 sekelek96
Канча уксам таажабайм
08.02.2015. 13:01
 nura_1080
Эн жакшы ыр.Сыймык Бейшекеевди сыйлайм талантту адам катары, уй булодо да жакшы улгу катары.
15.04.2018. 04:00
 arzygulR
Соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо