Элиза Орозова "Жүрөк сезет "
03:04
5,6 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2012
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(8 добуш)
Кезикпей сага жүрсөм да,
Кыялдарымда көрсөм да,
Махабат балын татсам дейм,
Өзүңдөн гана.
Табышмак сүйүүм менин,
Тагдырлаш болсом деймин.
Ар дайым дем-күч берет,
Элесиң сенин.

Кайырма:
Сезимдер серпилет,
Көзүңө жетелеп
Күткөн бактым келет
Жүрөк сезет.
Жүрөктүн кылдары
Муңканып ырдады
Кечигип махабат
Ойго салды

Сезимдер учат алыс,
Бөлүнөт ойлор сансыз.
Тагдырым өзүң калыс,
Калтырба жалгыз.
Өзүңдү теңеп күнгө,
Жолуңду карайм күндө.
Жоодурап келет деген,
Үмүтүм үзбөй.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

09.08.2012. 20:54
 tiku
Супер ыр экен! мага жакты абдан, уну дагы, музыкасы дагы. мына ыр деп ушуну айтса болот....!
10.08.2012. 19:57
 gaajoo
Soonun
22.08.2012. 16:16
 Sachko
Абдан жакшы чыгыптыр, ийгилик сага Элиза!!!
29.12.2013. 02:35
 gulmira.mukumbaeva
создорун кошуп койгулачы?
30.12.2013 17:46
admin_superstan
gulmira.mukumbaeva, аткарылды.
21.05.2015. 18:23
 imperator1
Норма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо