Фарида Өмүрзакова "Алтынчы күнү кечинде"
02:33
5,81 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2012
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(5 добуш)
Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.

Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турчу өзүмдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Анда да алтынчы күнү кечинде.

Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.

Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.

Комментарийлер (3)

10.08.2012. 00:36
 kumarbeka
жакшы ыр абдан жаакты.
10.08.2012. 17:31
 armin85
жакшы ыр жагат мага
04.04.2013. 17:43
 Happymom
Негизи эле Рысбай Абдыкадыровдун ырлары кандай болгондо дагы түп нускасы жакшы,кулакка жагымдуу жана мааниси зор.Андыктан азыркы аткаруучулар жакшы иштеп чыгып заманбап кылып ырдап бирок маанисин жоготпосо деген эле тилек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо