Кубаныч Сатаев "Биз Бишкектен бакыт издедик"
03:34
8,17 Мб
Жүктөлгөн: 20-08-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Тойчу Какеевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.29/5
(7 добуш)
Бишкегим – борбор калам,
Алтын уям – Бишкегим.
Сенде окуп, сенде жашап, иштедим,
Сенде окуп, сенде жашап.
Мезгил учуп жалындаган курактан,
Элес болуп калды сенде издерим.

Кайырма:
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Жаштык кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Бакыт издеп алыс жакка барбадым,
Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым.
Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да,
Теңдештирбей Бишкегимди тандадым.

Кайырма:
Чогуу басып бульварында,
Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Кырчын кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Комментарийлер (5)

22.08.2012. 16:03
 Almaz84
эн мыкты уком ! так держать
22.08.2012. 16:04
 Almaz84
созун Расул Маматкулов жазып берсе керек эээ
28.08.2012. 16:30
 Jiza
super! en sonun! 80-jyldardyn stilinde eken, azamatsyz! klipti kutobuz!
14.11.2012. 03:07
 ulik.82
Сөзү: Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону: Тойчу Какеевдики
17.04.2013. 13:30
 Radle
Жакшы ыр Мага жакты!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо