Алина Жетигенова "Таалайым"
03:33
3,24 Мб
Жүктөлгөн: 04-09-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.20/5
(5 добуш)
Байкоосуздан сени бүгүн көрүп калдым,
Балдай таттуу махабатты ойго салдың.
Кантип ал кезди эске салбайын?
Жаштыктын жылдызы,
Таалайым, ай, таалайым.

Кайырма:
Жалгыз өтүп күндөрүм,
Сени күтүп жүргөнмүн.
Жанымда бол, сүйгөнүм,
Сүйгөнүм.

Өттү десем алгач сүйүүм эрте гүлдөп,
Азыр дагы турам неге сенден сүрдөп?
Көптөн адашкан колуң кармайын,
Ак сүйүүм элең го,
Таалайым, ай, таалайым.

Кайырма:

Койсо дагы ортобузду жылдар бөлүп,
Кыйбай турам баштагыдай ынак көрүп.
Кантип кезиксем, көзүм салбайын,
Жаштыктын жылдызы таалайым, ай, таалайым.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

04.09.2012. 15:07
 Мэри
Мага жаккан ыр! Рахмат, жуктоп койгонунарга!
07.09.2012. 20:19
 salidat8087
Негизи илгерки ырлар эле жакшы угулат.
18.10.2012. 13:57
 bosmos7
Рахмат!!!
30.05.2013. 22:45
 Gulu85
суранам клиптеринен жуктошунорду срочно рахмат
23.03.2014. 23:39
 Sejitgazy
Саламатсыздарбы ушул ырдын минусун да жуктоп коюнуздарчы,СУРАНАМ. Алдын ала чооон рахмат
10.03.2016. 18:05
 Asem
Урматтуу админ сураныч Алина Жетигенованын жаны аранжировкадагы ырларын жуктоп коюнуздарчы сулуу жигит ж.б.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо