Айпери Сыдыкова "Махабатты барктайлы"
03:42
8,45 Мб
Жүктөлгөн: 05-09-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Исакованыкы
Обону:Айпери Сыдыкованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.79/5
(39 добуш)
Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.

Кайырма:
Сен ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай караным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Сыйлашалы сезимимди чанбачы,
Сырдашалы укмаксанга салбачы.
Ирээнжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың.

Кайырма:

Кел ардагым бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел таалайым махабатка баралы.

Комментарийлер (14)

05.09.2012. 20:46
 mawa
molodets!!!
07.09.2012 17:42
univer
Жанылай Исакова азамат
06.09.2012. 14:23
 Karysh
Укса болот Аыйперинин мейлдеги блокко жазган суранычы боюнча угуп койдум зээригип кеттим го 5 упай
07.09.2012. 22:51
 itslujba
Укмуш баланын суранычы боюнча угуп коройун дедим Айперинин ырын, мага жакты уну сонун да бул кыздын.
07.09.2012. 23:19
 itslujba
5 жылдызды басканды унутпагыла!!!
09.09.2012. 21:53
 bemajan
жакшы болуптур молодец осуп оркундой бер
10.09.2012. 13:00
 Gulzat-88
Айпери супер!Талантын осуп оркундой берсин!уну да жакшы,озу да жакшынакай,жакшы бийлейт. Азаматсын!
18.09.2012. 17:40
 santi
Демек эки таланттуу кыздын колунан жаралган эмгек турбайбы. Азаматсынар, создору маанилуу, ыр сонун экен! Жакты мага!
21.09.2012. 12:37
 raim
Мерген Турган "Омур кечи" деген ырынан эле обонун уурдап алыптыр...http://www.super.kg/media/?type=audio&id=45123
27.04.2013. 21:05
 alaika.kg
raim, Мерген Тургандын ырына эч кандай окшошкон жок! "Өмүр кечи" да менин сүйүктүү ырым, обонун эң жакшы билем. Ушу кыргыздар качан бири-бирибизди көралбай, бөйрөктөн шыйрак чыгарганыбызды коёбуз?! Айпери Сыдыкованын көп ырлары жакшы, бирок "Махабатты барктайлы" деген ыры өзгөчө сонун болгон!!!
08.05.2013. 17:27
 nargizka.kg
Унуно соз жок!Азаматсыз!
14.06.2013. 04:05
 Aygerim_tls
abdan jagat da maga uwul yr!
25.12.2013. 11:29
 Jakusya
Махабатты барктайлы...
14.01.2017. 02:27
 Gulzat-88
Бар бол,бактылуу бол!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо