Автандил "Каркырам"
03:16
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 06-09-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.59/5
(17 добуш)
Көрбөй калсам каркырамды,
Көңүлүмдөн тартылам.
Туу тутунган сөздөрүмдү,
Туйдура албай тартынам.
Эх, каркырам, каркырам,
Алып учуп талпынам.
Ак тилеги ашыктык,
Айдап алды артымдан.

Ойдун сөзүн теремин,
Түшүмдө да көрөмүн.
Бетке кырдап сага деп,
Байчечекей теремин.
Жашыл үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.

Же аны сен сезсеңчи,
Кадырына жетсеңчи.
Сүйүү деген чынжырды сен,
Сүйүү менен чечсеңчи.
Жашыл үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.

Күн мүчөсү келишкен,
Эх, периштем, периштем.
Күбө болчу түбөлүк,
Ырыскымды бөлүшкөн.

Комментарийлер (12)

11.09.2012. 10:18
 Rimanto
Оранжировкасы жакшы,уну жакшы, баары жакшы экен сонун болуптур мага жакты
18.09.2012. 11:42
 AFRODITA-89
жакшы чыгыптыр, уну аябай сонун экен! Дагы жакшы ырларды жарата берсин.
16.11.2012. 02:48
 chicagogirl
Ушул ырды где то 10 жыл мурун бир уккам. Бугун создорун жаттап алам урраааа
06.03.2013. 11:57
 chyna_kg
Бул ыр эски ырларды жаныртып ырдаганда жакшы варианты келип чыгат го, ошолордун бири болгон. Эн сонун.
30.03.2013. 18:38
 antivir
эн соонун азамат
01.07.2013. 22:10
 bilal.83
Азаматсын Автандил эн сонун аткаргансын,абдан жакты.
25.08.2013. 13:19
 aichurowka92
ким болду экен бул бактылуу Каркыра
25.08.2013 13:58
Aitowka2013
aichurowka92,men bolsom kerek xe xe)))))))
13.01.2014. 01:16
 angelochka95
Абдан соонун ырдаган,модератор сураныч ушул ырчынын "Балыгым"деген ырын жуктоп коюнуздарчы, алдын ала Рахмат.
13.01.2014 10:10
admin_superstan
angelochka95, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз!
02.11.2015. 23:16
 eldos97
таалай бектургановдун ыры
25.04.2019. 15:31
 zheentaev
Ушул ырды 90-жылдары Самара деген топ ырдачу. Ошол версиясы кимде бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо