Автандил "Өмүр желеси"
04:32
10,36 Мб
Жүктөлгөн: 10-09-2012
Жанр: Эстрада
Обону:Чыңгыз Турдубековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.76/5
(17 добуш)
Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн,
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган,
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн.

Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладың, бирок баары,
Калышты ар убакта жабык болуп.

Кишилер мен сыйлаган бал-бал болуп,
Кыялдар мен ишенген жалган болуп.
Кайрадан жан талаштың жашаганга,
Көөдөнгө касиеттүү арман толуп.

Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр тирликке байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес,
Карытат ишке ашпаган армандары.

Комментарийлер (7)

11.09.2012. 10:10
 Rimanto
Кечке токтоп атып угалбай койдум или супер-инфо,сиздерден кетип атат, же менин интернетимден кетип атабы билбейм,жакшы ыр окшойт музыкасынын анда-санда жерин угуп калдым))))))))))))))
18.09.2012. 11:46
 AFRODITA-89
аябай сонун ыр, муукам ундуу жигитке ийгилик жана бакыт каалайм!!!
25.10.2012. 15:30
 adil2012
Азаматсын Азамат унун жакты баардык ырынды кочуруп алдым ийгилик сага дагы сонун ырларынды кутом
05.03.2013. 00:26
 sararat
Сонун экен жакты мага игилик
06.03.2013. 11:56
 chyna_kg
Ушул ырынды уйдогулордун баары жакшы корот, айрыкча Майрам эжем! Баарыбыздын атыбыздан сага албан албан ийгиликтерди каалайбыз. Сенин ырларынды кундо угабыз жана жаны чыгармаларынды кутуп келебиз.
07.03.2013. 09:43
 luchinura
Ооба угумдуу ыр экен, кайсы бир радиого барганда ушул ырды комуз менен да сонун ырдаган.
01.07.2013. 22:04
 bilal.83
Молодец жакшы ырдапсын 5(беш) койдум сага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо