Шамшыбек Өтөбаев "Кат жазчы мага"
04:43
1,35 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2012
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(19 добуш)
Кат жазчы мага,
Аз калган биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм күлүп,
Кайгырсам кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды.
Адамдар курчап,
Агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагыныч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?

Кат жазчы мага,
Негедир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр
Кабарын бербей койду деп,
Таарынып жатып,
Сагынып жатып уктадым.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок бүлүнүп.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
Жарк этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.

Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап.
Кут болуп катың жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.

Комментарийлер (12)

13.09.2012. 11:44
 nurbek_posol
Шамшыбек Отобаев- ото таланттуу, Кыргызстандагы алгачкы эстрада ырчыларынын бири. Ырлары аябай сонун ! Рахмат Супер Инфо! Дагы башка ырлары болсо жуктоп берсенер соонун болмок. Алдын ала Рахмат !
17.09.2012. 13:55
 Мэри
Ушул ыр мага жагат, мазмундуу, мукамдуу. Анан Шамшыбек агайдын Нурайым Азыкбаева менен ырдаган ыры бар эле, өмүрүнүн акыркы жылдарында, балким, эң акыркысы болсо керек эле, ошону да жүктөп койсоңуздар жакшы болот эле.
08.10.2012. 16:39
 strangergirl
Фарида Абдулованын созуно жазылган, Шамшыбек Отобаевдин бул ыры эн мазмундуу ырлардын бири. Ушул ырды Нурбакыт Раззаков деген жигит ла аткарып журот, ошону жуктоп койсонуздар жакшы болот эле... Алдын ала чон рахмат
06.12.2012. 00:43
 Herr Aska
Дагы ырларын кошсонор абдан жакшы болмок
10.12.2012. 10:03
 venchiko88
Супер Инфо ушул ырдын Нурбакыт Раззаков аткарган вариантын жуктоп койгулачыыыыыыыыы, сураныч, алдын ала рахмат.
27.12.2012. 03:44
 bambucha
улуу инсандардын ырларын жүктөн жатканыңарга сиздерге ыраазычылык
25.03.2013. 17:02
 nazel
Чоон рахмат Супер Инфо ушул ырды укканда журогум эзилип кетет го.Озгочо маанай жокто козумдон жаш куйулат.
14.04.2013. 21:06
 JumaB
Ушунчалык уккулуктуу ыр, атайы ушул инсан учун жазылгандай, Рахмат.
18.06.2013. 16:38
 myrza-kg
Шамшыбек Отобаев аткаргандай эч ким аткара алган эмес бул ырды. ЭЧ КИМ! Укмуш сонун ыр.
03.12.2013. 16:21
 ertabyldievna
Соонун ыр!
22.12.2013. 06:10
 angelo4ka_96
Сонун ыр экен
13.01.2015. 00:17
 angel_91
ushunu berilip chyn jurokton yrdagandyk dese bolot.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо