Мирбек Иманбеков "Карындашым "
03:34
3,26 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Көчүрүү
  • Currently 3.60/5
(10 добуш)
Жоодураган көзүн карап,
Жолугуну күндө самап.
Жаным болуп жаралгансып,
Жарым ырыс сага тартат.

Жаз гүлүндөй бураласың,
Жан дүйнөмдү кубантасың.
Жалт-жалт карап мени,
Жылмайганда эми,
Жарылды го жүрөк, сүйүү деми.

Кайырма:
Оо, карындаш, кагылайын,
Ойлоп сени сагынамын.
Сени сүйгөн бир агаң бар,
Ананайын...

Кара көздүү карындашым,
Калат белем болуп ашык.
Канжар сүйүү сууруп чыгып,
Карабадың эми жүрөк дартын.

Айдай сулуу карындашым,
Айдагы кыздай тартып алдың.
Аппак таңдай эми,
Арбап алдың мени,
Арнадым сүйүүнүн кереметин.

Кайырма:

Оо, карындаш, сен ыйлаба,
Оо, карындаш, сен таарынба.
Таарынганда сен агаңа,
Эмне пайда?

Комментарийлер (3)

08.02.2014. 20:07
 REAL7
Абдан сонун
03.10.2017. 00:58
 langar
Бала кезде клибин айабай коп корот елем
25.12.2017. 18:49
 Stal.muradilov
Убагында аябай уктук го...жакшы ыр...жаш кез эске келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо