Гүлнур Сатылганова "Ыр десте"
04:01
3,67 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Агылган күнгө булактай,
Жагылган түнгө чырактай.
Ырыстан бүткөн ырым бар,
Ырдайын бүгүн суратпай.
Баталы кызыкка,
Бар мына музыка.

Кайырма:
Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте,
Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте.
Кыргыз деп ырдалат, жылдыз деп ырдалат,
Кошулуп ырдасаң, көңүлүң нурданат,
Өмүрүң нурданат.

Кадырлуу журттун байлыгы,
Канаттуу ырдын кайрыгы.
Учалы бирге, замандаш,
Унутуп дилде кайгыны.
Жаныңды ысыта,
Жаңырсын музыка.

Кайырма:

Ыдырай бербей чоочуну,
Ырдасак бирге отуруп.
Биримдүү элден болобуз,
Дилибиз дилге кошулуп.
Бүйүрүңдү кызыта,
Бүтпөсүн музыка.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

14.11.2012. 19:39
 adinka
superrrrr
28.03.2013. 17:46
 menedjer
конулум нурдандыыыы
08.07.2013. 09:11
 admin_media
Aaly,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
19.03.2015. 15:47
 malika79
салам Админ ушул ырдын минусовкасы барбвы рахмат
19.03.2015 16:59
admin_media
malika79,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
13.05.2015. 20:46
 baiymbet
Салам достор.Бул ырдын минусовкасын тапбай жатам жардам бергилечи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо