Гүлнур Сатылганова "Эне жөнүндө баллада"
04:29
4,1 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Сөзү:Сагындык Өмүрбаевдики
Обону:Аксуубай Атабаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.14/5
(7 добуш)
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең.

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.

Кайырма:
Асыл энем, таалайым сенсиң энем,
Жыргалым сен, бакытым сен,
Сүйүктүү менин энем.

Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүмдүн карегиндей бапестеген,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма:

Комментарийлер (5)

06.11.2012. 22:07
 alisheran
омурунуз узун болсун эжеке)))))))))))
17.12.2012. 18:43
 azi1
мен изеп жургон ыр!!!!
11.02.2013. 20:53
 aida1993
Супер
06.03.2013. 18:47
 Koreanka
Апа сизди сагындыыыым
19.05.2016. 03:52
 Samaganova
Оо, энекем, менин жарык ак таным
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо