Жеңишбек Жумакадыр "Энемден башка энем жок"
05:23
7,37 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Эгиздей айым эне сен,
Эркелеп өскөн мен эсен.
Эх, тагдыр, неге татаалсың?
Энекем жалгыз, энекем.

Кайрыма:
Турмушта сүзүп барам жай,
Тумардай тутуп бага албай.
Балаңды, эне, кечиргин,
Бактыңды турсам таба албай.

Эмнеге бердим күчүмдү?
Эмгиче таппайм бүтүмдү.
Эх, эне, кантип актаймын,
Эмизген эмчек сүтүңдү?

Кайырма:

Өксүгү болбой, кейиш жок,
Өкүмү болбой, өлүш жок.
Эх, чиркин, өзөк өртөнөт,
Энекең күлбөй, бейиш жок.

Кайырма:

Тереңден өткөн терең жок,
Тек күндөй ысып, денем чок.
Эх, өмүр, эки келсечи?!
Энемден өткөн энем жок.
Энемден башка энем жок.

Кайрыма:

Комментарийлер (5)

21.09.2012. 14:57
 dinar83
Эмнеге мынча кайгылуу ырларды жана ойлончуу ырлара жаратасыз.сизге омур,уй-булоолук бакыт каалайм.Бар болунуз
02.10.2012. 01:32
 kydyrali
yrynyz jakshy chygyptyr dagyn kopogon jakshy ene jonundo ata jonundo chygarynyz ayabai jakshy chygyptyr
23.10.2012. 12:15
 dastan12
5
03.03.2013. 14:45
 Kg.lady
женишбекти акын катары баалайм бирок обону анча эмес экен дагы бир аз иштесе жакшы ыр чыкмак
11.04.2013. 11:58
 semkg
Э Байкем сизге комуз эле бап экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо