Ильяз Абдыразаков "Аманат"
02:53
6,58 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Жазып саламым, катты саламын,
Сагынычтан жообуң мен аламын.
Ушул турмушум, түйшүк жумушум,
Амандыкты, досум, айтып турушум.

Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз,
Кубанычка баткан күндөрүң жаз.
Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт,
Сагынычтуу, досум, салам айт.

Кайырма:
Ак куу кетет, көл калат,
Ак канатын булгалап.
Мезгил өтсө сагынып,
Айдың көлгө кайрылат.
Алыс жүргөн адамдар,
Аманаттан салам бар.
Ак куулардан сагынган,
Саламымды айтып бар.

Кабар алып тур, катың жазып тур,
Жүрөгүңдөн таза чачып нур.
Дос деп билемин, аппак тилегим,
Ишеничтен бүткөн досум -тирегим.

Ыйманыңда бол, досум курдашым,
Тагдыр бизди бөлүп кайда бурбасын.
Мени эңсеген момуну да бар,
Саламыңды алдым жүрөк кубанар.

Кайырма:

Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз,
Кубанычка баткан күндөрүң жаз.
Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт,
Сагынычтуу, досум, салам айт.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

09.10.2013. 02:04
 kilim
Урматту супер инфо ильяздын жалгыздык деген ыры бар болчу бир угуп издеп таппай журом болсо жуктоп коюнуздарчы (((( талыкпай канат кагамын. Сени издеп айлуу тундун коюнундаа ,талпынып сага шашамын))))) деп кайырмасында ырдайт,алдын ала рахмат!
09.10.2013 18:33
admin_media
kilim,
Саламатсызбы!Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
31.03.2014. 22:32
 Zair_Alimov
Ак куу кетет, көл калат,
Ак канатын булгалап.
Мезгил өтсө сагынып,
Айдың көлгө кайрылат.


деп аябай жакшы ыр болгон, уккан сайын кайра уккун келе берет.. Ильяз брат ушул ырынызга клип тартсаныз супер клип супер ыр болмок экен. бир карап корушунуз керек жакшы маанилуу клип тартса болот..
24.10.2014. 13:14
 aijanajana_7
эн жакшы ыр..........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо