Сыймык Бейшекеев "Көлдүк кыз "
03:04
2,8 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:С.Бейшекеевдики
Обону:С.Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(8 добуш)
Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт,
Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз.

Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт,
Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт.
Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз,
Атайын менин арнаган ырым угуңуз.
Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз,
Атайын сизге арнаган ырым угуңуз.

Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт,
Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.

Комментарийлер (2)

26.12.2014. 00:28
 shaiyrkyz
Кандай сонун ыр уга бере турган кайра кайра ушуну ыр десе болот Сыймык байке ушул ырынызды неге ырдабайсыз
13.03.2017. 02:27
 Medinaa
откондо тойдо угуп жагып калды.Баардык ырлары жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо