Гүлнур Сатылганова "Туулган жерди сагынуу"
03:45
3,42 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(10 добуш)
Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.

Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.

Комментарийлер (17)

27.09.2012. 11:22
 elizz
Абдан соооонун =)
23.11.2012. 18:12
 bektur-taalaibekov
en sonun yr da
23.11.2012. 18:57
 baxatic
;-( айылымды аббббббббдан сагындыыыым Гулнур эжооооо!!!
01.02.2013. 22:24
 bemajan
кандай сонун ыр
11.02.2013. 20:58
 aida1993
Аябай сагындыым айылымды
06.03.2013. 18:07
 Koreanka
Кыргызстанды сагындым. уйду сагындым. апамы сагындым.
27.08.2013. 03:53
 Nuraiym.marasilova
Мен да Кыргызстан'ымды,апамды сагындым ='(
15.02.2014. 16:54
 tina_90
эрте менен апам уй сааганда келген жытты сагындыыыым
05.04.2014. 16:46
 Aikoo2014
Менда сагындым туулган жеримди. Аябай сонун ыр,мага абдан жакты.
09.09.2014. 21:41
 nurando
Сагындым апамды айылымды
22.11.2015. 05:11
 Kymondor
сагындым кыргызстанды алтын апамды сагындым бул менин мекеним кыргызстан
12.04.2016. 01:36
 zaika.tvo9.1990
Мен да сагындым
29.12.2016. 20:58
 Krai
Кандай сонун чыгарма
11.04.2017. 18:20
 arzygulR
Соонун
03.08.2017. 10:59
 maks93
абдан жагат ушул ыр!!!!
11.04.2018. 20:11
 jizn_voram
Болот
25.01.2019. 02:30
 boss79
Өтө сонун 5+
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо