Иса Өмүркулов "Бир тууган"
03:40
8,38 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Өмүрдө жөлөк-тирегим,
Энекем-атам, билемин.
Агамдын мага белеги,
Арнаган асыл тилеги.
Көкөлөп көктө учамын,
Эжекем жайса кучагын.
Жашоодо дайым кубанып,
Бакытка чексиз батамын.

Кайырма:
Өмүрдүн гүлүн теремин,
Турмуштун айдап кемесин.
Күндөрүм өтүп баратат,
Аралап өмүр белесин.
Айрыба менден, Кудайым ,
Жалбарып сенден сурайын.
Бир тууган - ошол байлыгым,
Тартайын, берсең убайым.

Бой жетип өсүп барамын,
Турмуштун ачып барагын.
Эр жигит болуп чоңоюп,
Батасын элдин аламын.
Аскадай мага бийиктик,
Бир тууган - ошол жөлөгүм.
Сактагын жаман-жалгандан,
Сурабайм, Кудай, бөлөгүн.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

20.09.2012. 17:09
 KGMuslim
Рахмат Иса соонун ырдапсын.
Рахмат Супер Инфо жуктогонунорго.
21.09.2012. 19:44
 fanatka19
кыз ырдап атабы деп ойлоптурмун.жакшы ыр экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо