Динара Акулова "Күлгүн жаш"
04:01
3,68 Мб
Жүктөлгөн: 21-09-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Эсенгул Ибраевдики
Обону:Арзыбек Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, эй, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш кайда калды?

Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган,
Жалын жаш, эй, жалын жаш,
Күлгүн жаш, эй, күлгүн жаш артта калды.

Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…

Комментарийлер (1)

18.10.2012. 16:01
 ELKA-87kg
ушул ырды менин апам комузда аябай сонун ырдайт Динара эжеден кем эмес ошондуктан уккандан тажабайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо