Анжелика "Жылдар өтсүн арадан"
03:50
8,78 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.71/5
(17 добуш)
Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең,
Маңдайымда күйүп турган шам элең.
Сен бир булбул бутагында сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү жар элең.

Кайырма:
Өткөн күндү сен эстедиңби,
Жүрөгүмдү эзбедиңби сен.
Көрбөй калсам сени,
Сагынчу элем, мен күтүп сени.

Сүйүү оту жанбай калды бизде эми,
Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги.
Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө?
Эске салып өкүнөбүз биз да эми.

Кайырма:

Жалындап өзүң,
Ортодо жайнап турду көзүң.
От болду сезим,
Сырымды билбей сен кеттиң.
Жалындап өзүң,
Ортодо жайнап турду көзүң.
От болду сезим,
Сырымды билбей сен кеттиң,
Жылдар өтсүн арадан...

Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең,
Маңдайымда күйүп турган шам элең.
Сен бир булбул бутагында сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү жар элең.

Кайырма:

Комментарийлер (18)

25.09.2012. 16:41
 adelima
декламация айткандай эле болуп калыптыр го. Кайырмасы гана кичине корктуурок болуптур,эски ырды жанылабай эле,башка ыр ырдасан болмок.
26.09.2012 01:13
Kagan
adelima, ozun yrdap chyk anda ushundai ele kyiyn bolson :)))
26.09.2012. 22:46
 dota
Жакшы ырдаптырсын Анжелика азамат 5 сага.
26.09.2012. 23:39
 kgz181092
Жакшы,жакшы жаман жери жок,жарайсыз.
28.09.2012. 23:28
 Aijolina
мурда бул ырды ким ырдады эле?
30.09.2012 17:22
monchok
Aijolina, Динара Акулова
11.10.2012. 14:23
 rauma
Анжелика акылдуу айым дегим келет,Уй було, ырчылык,бизнести катары менен алып кетип баратат. таластык да!!! Сендей кыргыз айымдары коп болсуН кыргыздын периштедей сулуу кызы!!!
14.10.2012. 01:17
 ainura220888
Балалыгымды бир эстеп алдым молодец Анжелика!
06.12.2012. 03:10
 samirchik
ушул ырды таппай журдум эле. эми Д.Акулованын концертинде ырдап чыккан видеосун кайдан табам. прям Анжеликанын ырдаганын коргум келип атат
04.09.2013. 15:58
 luna.kg
Мага жакты))
06.11.2013. 22:46
 dentistka
баракелде, 5+ деп баалайм. Кыйынсынар Таластыктар.
23.08.2014. 14:14
 burulu
sonun yr eken
25.11.2014. 22:48
 aity_95
Динара Акулованын аткаруусунда кайдан тапсак болот?
26.11.2014 11:24
admin_media
aity_95,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
03.03.2015. 13:10
 as.fanat
...ващэ класс трэк!) сонун аткарыптыр, музыка өзүнчөлэ керемет)))
07.10.2015. 00:16
 Muha16
Бул ырды "Таалай элеси" тобу ырдачу беле..
11.01.2016. 12:47
 Mediziner
Ушул ырды издеп жургом.
10.08.2017. 18:42
 Aisuluu160790
сени уже сагындым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо