Неля "Махабат ыры"
03:48
8,7 Мб
Жүктөлгөн: 27-09-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Айкөл белең ак атчан?
Алып учат канатчан.
Күтүп келем күүгүмдө,
Күлкүң менен таңды аткам.
Бактым белең жаралган,
Балбылдагым, маралдай?
Багынамын мен ай, ай...

Жомогуңда жолугам,
Жоодар көздүү, боз улан.
Жолдорубуз жоогазын,
Жоготуудан чочулайм.
Түшүмдөгү боз улан,
Түйшүгүмсүз тосулган.
Түгөнөмүн мен...

Кайырма:
Так алдында бийлеп берем сага,
Тамшандыра сүйлөп берем жага.
Таңыбызды тамчылардай тунук,
Каалап келген тилектерим таза.

Сагынамын, айта албайм,
Сансыз ирет кайталайм.
Сага деген ак кептер,
Саргаят го, жете албай.
Кымбатымсың, берекем,
Кыя албаган көлөкөм.
Көңүлүмдө сен ай, ай...

Кубанычым кубалап,
Куса менен кур калам.
Кум ойногон тараза,
Куру белең убара.
Махабатым арзыган,
Маңдайыма жазылган.
Магдыраймын мен...

Кайырма:

Комментарийлер (1)

28.07.2019. 07:14
 cholpon119966
Мага жагат, дагы деле эстеген сайын кирип, угуп, ыр менен кошо ырдап койом))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо