Кубаныч Сатаев "Аясаң боло, жыргалым"
03:25
7,79 Мб
Жүктөлгөн: 27-09-2012
Жанр: Эстрада
Обону:Алтымыш Кадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы, кимде айып?

Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.

Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң, жаным, кимде айып?

Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.

Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.

Комментарийлер (5)

28.09.2012. 20:23
 bob
Сонун ыр мага жагат
22.11.2012. 22:05
 kubaziza
оранжировкасы супер экен ким жазса да 5+
15.12.2012. 16:24
 Maxima
Бул ыр менин атамдын дежурный ыры да, кайда барбасын ушул ырды ырдайт )))
22.01.2013. 22:14
 mito7
jakshy yr bolchu! Kubanych baike sizge rahmat bul yrga jany dem bergeninizge!
06.04.2015. 15:14
 Jeki
Ырдап отурам, эн сонун ыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо