Нэна "Суранба"
03:26
7,88 Мб
Жүктөлгөн: 29-09-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Шүүдүрүмдүн көзү жакшы, жалооруп,
Карегиңе ачуу, тунук жаш толуп.
Өзүңө мени кечиргин деп айта албай,
Имерчиктеп кете албадым коштошуп.
Ишенемин, теңиңди тез табасың,
Аз күндө мени унутуп каласың.
Кетпес элең ак жолумдан утургуп,
Сен да мендей тартсаң сүйүү азабын.

Кайырма:
Кош бол эми, жаным,
Ичте калсын алгачкы махабат.
Сурабагын жүрөгүмдөн,
Кечирип кой, сүйүүмдү башкага.

Сен айтпайсың күндөргө күн толгонун,
Мен да айтпаймын жүрөккө муз тоңгонун.
Ичте калсын бизден башка жан билбей,
Не айтылып, ортодо не болгону.
Кечирип кой ак сүйүүмдү башкага,
Арнаганмын, кайрый албайм аркага.
Каалаганың алгын менден, а бирок
Муктаж болбо, менден сүйүү сураба.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

21.01.2013. 01:37
 erkekyz22
Maga jagatta Nenanyn ushul yry) Onorun orkundoy bersin Nena!
01.04.2013. 21:41
 antivir
Нэна жашы менден кичуу болсо, суранба дегенине карабай жетмекмин да:)
21.03.2014. 09:32
 Gulmira94
нэна эжеке чыгармачылынызга ийгилик мага да жагасыз сизди сыйлайм!!!!!!!!!!!!
20.11.2014. 04:39
 maksb86
Золотой голос Кыргызстана!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо