Динара Акулова "Арзуу"
03:31
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 08-10-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Күздө күтүп жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү.

А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.

Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.

Комментарийлер (3)

08.10.2012. 13:25
 tago
рахмат модератор суранычымды аткарганынызга!!!!
ушул ырды жакшы кором да.
17.02.2015. 15:31
 Kamila88
Динара эженин ырларын уксам кадимкидей эс алам. Уну аябай жагымдуу.Бар болунуз эже.
18.12.2015. 23:01
 tansuluu.junusova
Аябай жагат да ушул ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо