Гүлнара Тойгонбаева "Сагынган жанмын сага окшоп"
03:36
8,24 Мб
Жүктөлгөн: 11-10-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Айгүл Узакованыкы
Обону:Рысбай Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(1 добуш)
Өрттөдүм дебе жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөн маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгендер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшоп.

Комментарийлер (4)

11.10.2012. 12:05
 Baktyluumun
Suyom da uwul yrdy. Tilekke karwy menin telefonuma ko4poi koidu!
20.02.2015. 00:53
 naryn94
Мин бир тун деген ырын кошуп койсонуздар сураныч.
20.02.2015 14:14
admin_media
naryn94, саламатсызбы! Гүлнара Тойгонбаева "Миң бир түн" http://www.super.kg/media/audio/136291
21.02.2015. 00:30
 naryn94
Саламатсыздар, чоон рахматыныздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо