Сыймык Бейшекеев "Кызганыч"
03:32
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 17-10-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Тууганбай Абдиевдики
Обону:С.Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.

Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүнө.
Жанаша калсам кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.

Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканда күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.

Комментарийлер (9)

01.12.2013. 20:20
 LoLoPePe
Супер сиздерден сураныч Сыймык байкенин ырларынын тексттерин да жазып койунустарчы
02.12.2013 10:22
admin_media
LoLoPePe,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз жазып коюуга.
14.06.2016. 13:35
 bektashova_ayzada
Текстин жайгаштырып койгулачы сураныч
29.09.2016. 02:41
 Samaganova
Карасан башка кишиге
Кан толо тушот ичиме





Кишимжан Жанышалиева да жеткизе ырдаптыр)!
24.10.2016. 11:26
 nurgan
ИИ иий обонунангооо
21.11.2016. 20:46
 aiposharysbekova
ии ушул ырды акыры таптым
19.08.2017. 13:31
 shankol88
Өтө маанилүү сонун ыр экен,азыр буга окшош ырлар ааз.
21.11.2017. 23:12
 Kanybek121195
Сонун ыр!Мени суй,эгер ишенсен,мен суйгон менен пайда жок.
11.05.2018. 21:10
 Bilal2014
Акыры озунун аткаруусундагысын таптым супер инфо рахмат чоон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо