Өктөм Сапар уулу, Айганыш Абдиева "Жалгызымсың"
03:57
3,62 Мб
Жүктөлгөн: 19-10-2012
Жанр: Поп
Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:Өктөм Сапар уулунуку
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.

Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.

Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарым болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.

Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!

Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

08.09.2013. 20:10
 Imran
кайырмасы жакты!!
17.10.2013. 15:12
 fqcekee
aybai jakty.yigylyk silerge
20.05.2014. 08:03
 Nazi_18
Ырдын авторлруна данк! Абдан мыкты ыр! Октом байке сиз абдан таланттуусуз! Мындай ырлардын далайын чыгара бериниз!
14.05.2015. 12:11
 missO
Жакты. Суйуу ырлардагыдай болсо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо