Азамат Сарыбаев "Бульварым"
02:43
4,96 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Имашевдики
Обону:С.Жумалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.88/5
(16 добуш)
Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.

Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты - бульварым.

Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм - бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.

Комментарийлер (10)

25.10.2012. 11:59
 alisam
Азамат байке, чынында Азамат экенсиз. Ырдаганынызда айып жок, укмуш!!! Кайра-кайра угуп атам, журоктон чыккан ыр журокко жетет! Бузбай, мыкты ырдаптырсыныз!
02.12.2012. 03:01
 Narynbek
Абдан сонун ырдапсың!Ийгилик сага!
14.02.2013. 23:35
 Rinatik94
Мага жакты
13.05.2013. 21:19
 esenin
жаман сонун ыр экен кайра кайра угуп атам
13.03.2014 22:53
azamat93i
Чыныгы Азамат экенсин!
05.04.2015 21:07
jypar.i
esenin, жаман анан сонун болгону кызык го, абдан сонун ыр. Бул ырды эң биринчи Айша Базарбаева ырдаган. ал да сонун ырдаган. Ошол Айша Базарбаева жөнүндө маалымат болсо жазгылачы, абдан эле аз ырдап көрүнбөй калды, үнү сонун болчу
17.03.2014. 16:16
 step_by_step
jakwy atkaryptyr iwinizge iygilik, A.Jaynakovdun Kyrgyzymdyn suluu kyzdary degen yryn soonun atkaryptyr owonu da kowup koesuzdarby urmattuuu administrator aldyn ala rahmat.
10.06.2014. 11:57
 masia
Жакшы
14.03.2017. 18:22
 Shaly2017
Сонун кеп жок
24.03.2017. 10:19
 Nur4a_96
Жакшы молодец сонун мандолинка менен сонун чыгыптыр ийгилик Азамат Байке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо