Эльзар Өскөнбаева "Мага жар керек"
03:17
5,99 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2012
Жанр: Фольклор
Сөзү:Майра Керим кызыныкы
Обону:Майра Керим кызыныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.16/5
(19 добуш)
Мага жар керек,
Өзөктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал жолдо,
Тар болсо тайбай турган.

Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек,
От болуп жалындаган,
Кеп айтсам таарынбаган.
Жагымсыз адаттардын,
Артынан салынбаган.

Мага жар керек,
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил, ушактардан.

Мага жар керек,
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген.
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек,
Деп көңүл оолуктурду.
Купулум толуптурмун.
Жүрөктөн көксөгөндү,
Акыры жолуктурдум.

Комментарийлер (23)

25.10.2012. 14:26
 Cholpon555
Сооонун ырдаптыр. Абдан жакты
26.10.2012. 19:50
 Janym_ata_enem
Ушул ырды угуп олтуруп. Жок эле келинчегимди сагынып кеттим.
26.10.2012. 21:06
 elif.bikech
кандай сонун ырдаган, жаттап алып ырдай эле бергидей экен... Мен да жолугарым буйруса...
29.10.2012. 21:35
 salidat8087
Да женебизди ушул ыры озунчо эле классика жакшы ыр.
06.11.2012. 22:16
 alisheran
супер алга))) мага жакты
10.11.2012. 14:17
 Lazat
аябай жакшы ыр созу жагат чыгармачылык ийгилик каалайм
21.11.2012. 10:40
 Nurzatka
аааапппп баллиии унуно береке!!!
02.12.2012. 12:13
 semirbedim
келинчегимдин козунчо ырдап ийип балээге калбадымбы...
17.12.2012. 14:45
 chikakorea
ayabai sonun atkargan barakelde kop jasha
30.04.2013. 21:15
 12345
Соонун
25.06.2013. 01:25
 Jamalkan
Elzar azamatsin,Maira ejenin irlarin ochyrboi irdai ber,seni arbagi koldop jyrsin.
Superinfo,silerden otynych mymkyn bolso Maira Kerim kizinin oz atkaruusunda dagi irlarin jyktop koisonuzdar.Raxmat!
25.06.2013 08:52
admin_superstan
Jamalkan, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
Комментарийлерди жашыруу
14.09.2013 02:02
JanybekSydyk
admin_superstan, Жамалкандын сунушуна мен дагы кошулам, сураныч тездетсеңер!
15.07.2013. 19:11
 shanushka
azamatsyyyz!!!
08.09.2013. 12:50
 begim12
эстрада жанрында ырдаган ырын жуктоп койунуздарчы
03.06.2014. 10:35
 lily27
Өзөктү жалгай труган эмес, үзүктү жалгайт го
02.12.2014. 14:11
 akbala-2014
Саламатсызбы супер инфо! Майра Керим кызынын озунун аткаруусундагы ырларынан жуктоп койсонуздар болобу сураныч.Арбагы ыраазы болсун эженин.
02.12.2014 15:14
admin_media
akbala-2014,
Саламатсызбы! Колубузга тийип калса эле жүктөп коюуга аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
07.02.2015. 17:22
 elya_21
СООНУН! жагымдуу ун.мммм.
09.04.2015. 13:16
 nursultan-kgz
Саламатсыңарбы админ, мен Маржан тобунун ырларын жүктөп коюңуздарды суранаам,мүмкүн болсо.
09.04.2015 15:29
admin_media
nursultan-kgz, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз.
13.07.2015. 19:46
 abdulazim.kg
Супер карындашым да
24.09.2015. 01:11
 jypar.i
Азамат,бали-бали, бар бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо