ЧОРО тобу "Ой, тобо"
02:24
2,19 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой, тобо, деги, деги,
Жайлообуз бирге болгон жок.

Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана,
Жайлообуз бирге болгон жок.

Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калат деп,
Ой, тобо, деги, деги,
Асылкеч курбум, муңайба.

Комментарийлер (11)

25.10.2012. 18:29
 Мэри
Азаматтар! Үндөрү жакшы экен.
26.10.2012. 15:04
 Мэри
Аранжировкасы Чоро Кожомжаров негиздеген алгачкы кыргыз эстрадасындагы ырлардыкына окшош экен...
26.10.2012. 15:23
 kalmakova
Чоро Кожомжаров менин атам)))
28.10.2012. 18:30
 altynkamikola
ой тобооо...
06.11.2012. 11:41
 nurbek_posol
Супер! Сонун! Силерди колдойбуз! Кобуроок ыр жаздыргыла!
09.12.2012. 00:55
 jo-jo
Азаматсынар жигиттер! Алгааа жана алга!!!
10.12.2012. 11:36
 jaina
Азаматсыңар, татыктуу болдуңар!
16.03.2013. 22:20
 Davlethan
Бул топту чак туштон коргом аябай сонун ырдашат азаматсынар кобурок ыр жаздырсанар жакшы болмок мага аябай жагат.
19.01.2014. 23:08
 gunwka
salam super ihfo choro tobunun kaigyrba degen irinda kowup koigulachi suranam... rahmat!
17.06.2014. 15:34
 munar85
Супер Инфо Курал Чокоевдин аткарусунда Ой тобоо ырын жуктоп койсонуздар сураныч
17.06.2014 16:06
admin_superstan
munar85, жүктөлдү:
http://www.super.kg/media/audio/121645
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо