Азамат Сарыбаев "Аппагым"
03:57
7,23 Мб
Жүктөлгөн: 30-10-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ашым Жакыпбековдуку
Обону:Мукан Рыскулбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Өмүрүм күлгүн көктөмдө,
Өрүкзар гүлүн төккөндө.
Өрөпкүп жүрөк кубанды,
Өзүңдү алгач өпкөндө.
Ээй, аппагым,
Өкүнөм ал күн өткөнгө.

Жанымда жүрсөң жанаша,
Жоодурап күлө караша.
Жылдыздар көктөн суктанды,
Жамалың менден талаша.
Ээй, аппагым,
Бөлүнгөн элек таң ата.

Жолугар жерден бактагы,
Кайрылып сени таппадым.
Күбүлүп жатты шамалга,
Өрүктүн гүлү шактагы.
Ээй, аппагым,
Сен менен кетти жаш чагым.

Комментарийлер (3)

06.05.2014. 16:31
 ermo1991
Ийгилик супер
22.06.2015. 16:41
 aziko1414
Алга жакшы ырдаптыр
15.10.2018. 01:49
 DJTOXA
Ырдын тексти турамес жазылыптыр
Озунду алгач опкондо болуп калыптыр озунду алгач коргондо деп ырдап жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо