Эльзар Өскөнбаева "Эгиз жүрөк"
04:14
7,75 Мб
Жүктөлгөн: 30-10-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Майра Керим кызыныкы
Обону:Майра Керим кызыныкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Карчыга карегиңе табындырып,
Булкунган жүрөгүмдү багындырып.
Жаздагы каркыраны күткөн сымал,
Садагам, койдуң неге сагындырып?

Кылыгың кыял отун тутандырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.

Жанарым жашылданып сени эстеймин,
Жарыгым, жаным кейип неге издеймин?
Махабат дайрасынын жан шериги,
Күндө эңсеп жарашар го сүйүү өзгөйүм.

Шумкардын канаттары кагылганда,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.

Аралдай суу каптаган тегерегин,
Жанымда куткаруучу жебеленип
Канаты сынган ак куу сыңарындай,
Чымын жан сени көксөп чебелендим.

Кылыгым кыз жибектей болгонум, ай,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.



Комментарийлер (9)

07.11.2012. 11:53
 buduz-80
тексин жуктоп койгулачы,сонун ыр соз жок.
14.11.2012. 21:31
 tiku
сонун ыр экен. скрипка менен коштогону сонун болуптур. биринчи жолу угуп жатам ушундай ырды. кобурок болсун ушундай музыкалары коштогон. алга, оркундосун кыргыздын музыкалары...
13.12.2012. 15:25
 Narynbek
Абдан сонун ыр экен.Азаматсың Эльзар!Өнөрүң өркүндөй берсин!
16.01.2014. 23:20
 altynbek9191
Бул эже жашоодо мага эч ким эмес, бирок чындыгында эже абдан соооонун ырдайт! соз жок. Ал бул ырды дагы да коркуно чыгара ырдаган эжекенин таланттына таазим! Окуноорум Элзар эжебиз чыгармачылыгын токтотуп койбосо экен башкаларды билбейм лично мен кундо кудайдан тиленем!
24.05.2014. 08:58
 kgbekish
kandaigana keremet ununuzgo bereke
24.09.2015. 01:08
 jypar.i
Ушунча соонун аткарат,жүрөктүн тереңине жеткире ырдайт,ушундай ырчылар көп болсо экен
04.12.2015. 22:41
 Gulya.akbaralieva
Ыйлай турган ыр. Журоко жеткире ырдаган. Бир жолу Эльзар эже менен жолуксам сонун болмок
09.10.2016. 15:44
 tnt_ostrof
Мен мурда бул ырды анча баалабаптырмын. Жаны эле кыргызстан обондорунан маршруттук таксиде баратып угуп жакшы ыр экенине ынандым. Азаматсын онорун оркундой берсин. Кочуруп да алдым.
12.04.2017. 00:18
 mekaaibek
Abdan sonun yrdaptyrsyz jurogum bawka4a boldu ugup jatyp
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо