МАКСАТ- БАТКЕН тобу "Күтөмүн"
03:18
3,02 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.63/5
(8 добуш)
Коюу түн мемиреп,
Керемет сезилет.
Мезгилден сыр сурап,
Жүрөктөр качан кезигет?
Түңүлтпө, жаным, мени,
Көңүлдүн сүйгөн теңи, келчи,
Күчтүүбү жаштык деми, ай, эркем?

Кайырма:
Басамын жети астап,
Бакытым айыл жакта, сен жакта.
Чардактар сермеп канат,
Көркөмү көлгө тамат,
Түбүнөн ай жана.
Жарыгым, жаркып мени,
Жабыркап бүттүм деги, келчи,
Күтөмүн сени.

Эркелеп шамалга,
Бий бийлейт жалбырак.
Толтура сүйүүмдү,
Бөлүшөр бекен жазгы убак?
Саналуу саптар учат,
Кайрылбай алыс узап, түн узак,
Толкунун көлдүн карап, ай, эркем.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

17.06.2015. 09:48
 admin_media
Aziz_9292_kg,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз. Дагы катачылыктар кайталанса бизге купуя кат жазып койсоңуз, рахмат!
27.06.2015. 10:20
 Aziz_9292_kg
Саламатчылык Эми скачать этип жатат рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо