Кадыралы Артыков "Барам сага"
04:12
3,84 Мб
Жүктөлгөн: 06-11-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Алмаш Чойбекованыкы
Обону:Кадыралы Артыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.69/5
(13 добуш)
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага.

Комментарийлер (14)

06.11.2012. 13:29
 Асылжан
Кандай сонун ыр, үн, баары шайкеш. Атамдын жакшы көргөн ыры эле, бул ырды уккан сайын атамды эстейм...
06.11.2012. 19:21
 kuntai
keremet yr!!!! Rahmat juktop koigonunar y4yn! Menin da atam ywyl yrdy daiyma yrdait!!!1 Kadyraly artykov jakwy yrdait yny keremet!!!!!
14.12.2013. 15:30
 Nuraxmad
Кандай соонун ыр уну да соонун келишкен
12.01.2014. 11:18
 Takesha87
Жакшы ыр, Менин дос балам Эльдоха созот да ушул ырды
24.06.2014. 10:24
 Asul
Созу менен музыкасы топ келгенде ушундай шедеврлар жаралат. Мен ушул ырды канча уксам да чарчабайм.
19.05.2015. 23:54
 sema.kgz
Sonun yr soz jok
28.05.2015. 18:16
 jibek.shami
айжамал айжамал келчи ардагым деген ырдын оргиналын таап бере аласыздарбы ким ырдайт
28.06.2015. 01:28
 bosmos777
Соонун ыр!
11.08.2015. 19:21
 admin_media
aytushka,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
25.09.2015. 17:57
 peki
Апакем деген ырын кочуруп койсонуздар админ
28.09.2015 18:45
admin_media
peki,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
14.02.2021. 20:17
 etaj_rus79
Урматту админ сиздерден сураныч..Кадыралы Артыковдун АПАКЕМ ырын жуктоп койгулачы тексти менен эч бир интернет желесинде жок экен издесем автордон сурап жуктоп бергилечи абдан керек болуп жатат
15.02.2021 09:20
admin_media
etaj_rus79,Саламатсызбы? аракет кылалы)
Комментарийлерди жашыруу
16.02.2021 20:17
etaj_rus79
admin_media, рахмат админ чоон умут менен кутом.сунушумду четке калтырбагыла алдын ала рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо