Эльзар Өскөнбаева "Сезим жанары"
03:41
6,73 Мб
Жүктөлгөн: 09-11-2012
Жанр: Фольклор
Сөзү:Майра Керим кызыныкы
Обону:Майра Керим кызыныкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң,
Кадала түштү оттой карегим.
Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби,
Багып алгын деп сүйүү дарагын.

Сезим жанарым, селдей агарым,
Сезим көлүнө чөгүп барамын.
Сагынган кезде санап кадамың,
Санаага түшсөң кайдан табамын?
Кабарың мага айтчы, карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын?
Кучагым жазып тосуп аларым.

Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө,
Тунук сырларым толуп ичимде.
Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп,
Көчө кеземин элдин ичинде.

Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.

Оюмдан чыкпайт ошол саламың,
Оозун тырмадың бүткөн жаранын.
Жарк эткен таңдан жалтана түштүң,
Жалынга толо сезим жанарым.

Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.

Комментарийлер (5)

10.11.2012. 14:10
 Lazat
рахмат мага аябай жакты
15.11.2012. 12:53
 Rasuli
Эльзардын ырларын угуудан тажабайм, ийгилик!
30.10.2015. 01:27
 BAIRAK
Мыкты ыр! Автору ким болду экен?BAIRAK түзөттү 2015-10-30 01:28:57
26.08.2017. 18:14
 Aruujanshaxi
Майра Керим кызынын, сөзү да обону дагы
14.02.2019. 19:57
 Mur-Naz
Унун керемет жакшы ырдайсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо