Эльзар Өскөнбаева "Сизге"
03:29
6,38 Мб
Жүктөлгөн: 09-11-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Агарып аткан таңдайым,
Арзуумду сизге арнадым.
Арабыз алыс болсо да,
Асылым, сизди тандадым.
Жаркырап аткан таңдайым,
Жалындап жүрөк ар дайым.
Жашыңыз өйдө болсо да,
Жаштыгым сизге арнадым.

Жакуттан шуру тизейин,
Жан билбес жерден күтөйүн.
Жан сырымда калсаң айтылбай,
Жаштыктан үмүт үзөйүн.
Берметтен шуру тизейин,
Белгилүү жерден күтөйүн.
Боогачым болуп келиңиз,
Болоюн сиздин Үкөйүң.

Ашыктык жолу тар беле?
Арзыган мендей бар беле?
Адашып да калсам тапмакмын,
Агатай, сизди кайра эле.
Сүйүүнүн жолу тар беле?
Сүрдөгөн кандай жан эле?
Кайрадан келсем жашоого,
Сүймөкмүн сизди кайра эле.

Комментарийлер (6)

12.11.2012. 18:42
 don7sky
5
14.08.2014. 13:06
 Sultan5
nege men yrdy ko4urmoiun4o uga albaitam saittyn ozunon????
14.08.2014 13:15
admin_superstan
Sultan5, Саламатсызбы!
Ал үчүн телефонуңузда Flash ойноткучу бар болушу керек.Модератор admin_superstan түзөттү 14.08.2014 13:23
24.09.2015. 01:01
 jypar.i
Азаматсың Эльзар! Сенин ырдоо манераң, үнүң абдан жагат.Талантың ташкындай берсин,бактылуу бол
02.11.2015. 11:52
 ryskul94
Мыкты ыр!!!
30.06.2016. 23:05
 Aytur
Супер !!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо