Эльзар Өскөнбаева "Кайдасыз?"
03:47
8,65 Мб
Жүктөлгөн: 09-11-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.57/5
(7 добуш)
Калсам да сизден кечигип,
Карегим жүрөт тешилип.
Эркиме ээлик кыла албай,
Эзилип бүттүм, эзилип.
Учурун иштин өткөрүп,
Умтулсам ичим бөксөрүп.
Өкүнүч бийлеп жүрөктү,
Өрттөнүп жүрөм, өрттөнүп.

Булкулдап жүрөк, кантейин?
Болор деп жүрсөм жан шерик.
Ой жеткен менен өзүңө,
Кол жетпей калды, кантейин?
Өкүнгөн болом айласыз,
Өкүнүү эми пайдасыз.
Өзөктөн кеткис дарт экен,
Өзгөчөм агай, кайдасыз?

От байлап алып кабакка,
Ой-санаам өзүң тарапта.
Бурулуп карап келбедиң,
Булуттар учуп баратса.
Жалгашпай калды жолубуз,
Кармашпай калды колубуз.
Айла жок эми, кантели,
Артыкчам, аман болуңуз,
Ардагым, эсен болуңуз.




Комментарийлер (7)

11.11.2012. 10:40
 тоолук кыргыз
суаааер ыр, супппер ун, супппер обон, супппер ырчы...
12.11.2012. 18:44
 don7sky
Уну соонун тура
15.11.2012. 22:15
 edu.kg
Билбейм пока уга элекмин..?
22.04.2014. 11:21
 akbala-2014
Элзар эже чыгармачылыгына ийгилик! ырды ушунчалык адамдын журогуно жеткире ырдапсыз.Озгочо ырдын мааниси суйуго жетпей калган адамга чыгарылгандай экен."Ой жеткен менен озуно,кол жетпей калды, кантейин?"
17.02.2015. 11:11
 nursultan-kgz
Админ сураныч Маржан тобунун ырларын жүктөп койуңуздарчы!!!
17.02.2015 12:24
admin_media
nursultan-kgz, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз.
14.09.2015. 12:32
 classica
Мыкты ыр болуптур Элзарга чыгармачылык ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо