Роза Шакирова "Элегия "
03:36
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 13-11-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Таркабас көлдүн кумары,
Таң сүргөн маалын козгогон.
Күн батар күүгүм убагы,
Сезимге салса козгогон.

Арбады айлуу түндөрүм,
Арманды кайра козгогон.
Күн батар күүгүм убагы,
Сезимге салса коштогон.

Жээгинде өскөн гүл гүлгө,
Жаркыган жаштык кез кайда?
Соолутпай сактап жүргүн деп,
Сен сунган кызыл гүл кайда?

Гүл эмес, өзүм соолудум,
Тапканга жүрөк не пайда?
Соолутпай сактап жүргүн деп,
Сен сунган кызыл гүл кайда?

Көгөргөн тоонун этеги,
Көк туман баскан талаалар.
Көңүлдөн такыр кетеби,
Көйгөйдү кескен санаалар.

Сызылып чыкса жүрөктөн,
Зыркырайт ички жаралар.
Көңүлдөн такыр кетеби,
Көйгөйдү кескен санаалар.

Комментарийлер (4)

13.11.2012. 20:35
 bambucha
ийий ватять ватятятять сонун да сонун.
18.11.2012. 22:07
 kubaziza
Аябай сонун аткарыптыр жогоруда айтылгандай дагы бир ватятять ыр жаралыптыр.супппееер.
23.11.2012. 19:20
 Mondur
Мыкты ыр!
Мен болсо көптөн бери Роза Шакированын "Серенада"сын күтүп жүрөм..Жүктөп койгулачы, рахмат!
25.11.2013. 10:43
 EMMI
Розанын ооо алгачкы ыры го кайдагы жаны ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо