Гүлнара Кахарова "Жагынайын"
03:04
2,81 Мб
Жүктөлгөн: 15-11-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 1.00/5
(1 добуш)
Мен сага мына минтип жагынайын,
Гүл болуп оң төшүңө тагылайын.
Болбосо бир кичине күнүң болуп,
Бир сенин маңдайыңда жагылайын.

Бак болсоң, мөмөлөрү бышып турган,
Багбаның болоюн мен суусундурган.
Гүл болсоң, кең талаада жайнап турган,
Төгөйүн жамгыр болуп жүзүң жууган.

Көл болсоң, бирде көлкүп, бирде толкуп,
Сүзөйүн толкунуңда ак куу болуп.
Жабыркап жаның кейип турганыңда,
Булбулуң болоюн мен бакка конуп.

Комментарийлер (2)

15.05.2013. 22:31
 guli_83
балли балли
23.12.2015. 18:23
 BubleGum
Гулнара эженин ырлары, анан озунун жанып турган коздору жагат да!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо