Асанкалый Керимбаев "Кечиккен махабат"
05:21
6,12 Мб
Жүктөлгөн: 16-11-2012
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(6 добуш)
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап оюм бөлүнүп.
Кайгыга салып, карындаш,
Мен картайган кезде көрүнүп.

Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Удургуйт санаа бөлүнүп.
Убайга салдың, карындаш,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Убайга салдың агаңды,
Мен улгайган кезде көрүнүп.

Мекендеп чыкчу кайберен,
Мелжиген бийик жай белең?
Мезгилсиз кезде жолуктуң,
Мен боз жигит кезде кайда элең?
Мээнетиң алып жүрөйүн,
Мен боз жигит кайда элең?

Болумуң толгон ай белең?
Болжошкон бийик жай белең?
Бой тумар сындуу периштем,
Мен боз улан кезде кайда элең?

Комментарийлер (7)

20.11.2012. 10:53
 maks100589
Ах чиркин!!! Кандай гана сонун ыр ээ. Мынча боздоп ырдаган? акемди армаган салып сыздаткан кечиккен махабаты ким болду экен? мындай суйуу эчкимдин башына тушпосун дейт элем!!!
26.12.2012. 16:39
 qvattro87
сонун ыр
07.01.2014. 12:27
 leyli00
Иииий мага жаккан ыр
31.03.2014. 22:35
 bakyt7
созу Д.Садырбаевдики
06.11.2014. 11:40
 chyngyz84
Ayabai sonun yrdagan, Asangalyi agabyz!
30.11.2014. 23:36
 guzelai
maga jakkan yr
11.12.2014. 15:14
 Mairamgul
сонун ыр. :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо