Асанкалый Керимбаев "Акинге"
03:26
3,16 Мб
Жүктөлгөн: 16-11-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Абды Сатаровдуку
Обону:Текебай Мураталиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Ай, кез эле да калган таң атып,
Оо, кездештик да жолдо баратып, эй.
Керме каш сулуу беш көкүл,
Олдо, кыялымда жаратып, эй.
Өтсө экен аа, деймин өмүрүм,
Олдо, өзүңө эле өзүм жанашып.

Эй, артыңдан барсам бакчага, эй,
Оо, артылып да алып башкага, эй.
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Олдо, жактырбай сени жатса да, эй.
Сүйүүнүн эй күчү керемет,
Олдо, жалынтат тура, ий, башкага.

Эй, кыраңдай Акин кымча бел,
Оо, кынама да, толдуң көңүл бөл, эй.
Арамзанын белинде анда,
Ашуулап, жайлап биздин эл, эй.
Кымбатым эй, сенден сурарым.
Олдо, кыйып кетпей, ий, мендей көр.
Кымбатым сенден сурарым.
Олдо, кымбатым Акин кыйбай жүр.

Комментарийлер (3)

30.03.2015. 22:45
 vera23
Чиркин кандай деген талант бир гана акардеон менен кандай жагымдуу ыр жаралган канча жылдар бою ырдалып келе жатат, канча уксан да тажабайсын азыркы жаш ырчылардын ырын бир еки уккандан кийин уккун келбей калат.
27.02.2016. 16:40
 ramik_87
эн сонун ыр
07.05.2016. 14:59
 torik2292
Ооох кааандай кана Жан ергитет уккан сайын моокумун канат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо