Эрлан Андашев "Сүйүп калдым, кантейин? (Slow version)"
03:26
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 16-11-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(10 добуш)
Ошол күнү толкунданып отурдум,
Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун.
Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң,
Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң.
Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың,
Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым.
Көрүшкөндө тик карабай көзүңө,
Уялдым, көздөрүмдү алып качтым.

Кайырма:
Сүйүп калдым, кантейин?
Сүйүп калдым, мен кантейин?
Сүйүп калдым, кантейин?
Сүйүп калдым, мен кантейин?


Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим,
Сени жактырып калганымды сездим.
Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун?
Көргүм келип сени гана издеймин.
Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу?
Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу?
Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин,
Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу?

Кайырма:

Түн уйкумду сага арнап, уктабай,
Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып.
Сүйүп туруп каламынбы жете албай?
Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып?
Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып,
Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса.
Көргүм келип жүрөм сени сагынып,
Бирге бассак кол кармашып жанаша.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

17.11.2012. 02:22
 Karysh
Cүйөм ушул ырды
17.11.2012. 12:35
 lotos..
менда бир кездерде кундо укчумун
18.11.2012. 00:02
 Jakusya
Менин да суйууктуу ырым! ;-)
19.11.2012. 10:56
 Laden
Сонун ыр экен, жакты мага.
28.06.2014. 09:01
 Beka161197kg
мен бул ырды жаны чыккан кезинен бери суйуп угам азаматсыз эрлан
07.07.2014. 21:27
 zoiy_asad2014
Супер
13.11.2014. 09:49
 Нуркыз Курманбек кызы
ииииииииииииии Жанылай эже сиздин ушундай талантыныз бар экенин эми билдим. ИИИИИИ аябай хит болгонго бул ыр ээээ Эрланды Эрлан кылган ыр гоооо
04.11.2018. 22:31
 AzKumFerDan
Эх Бул тээ алыста бир убакта сүйгонумду эстетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо